Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан туристтер үчүн визасыз режим киргизүүнү пландап жатат

08.04.2022 09:31
839
Кыргызстан туристтер үчүн визасыз режим киргизүүнү пландап жатат

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) шенген жана америкалык визасы бар туристтер үчүн визасыз режимди киргизүүнү карап чыгат.


Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 7-апрелде кабарлады.


Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев туристтик бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты.


Жыйынтыгында, Төрөбаев тийиштүү министрликкке туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун, бир айлык мөөнөттө Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын визалык режимдерин өз ара таануу боюнча маселени карап чыгууну тапшырды.


Экономика жана коммерция министрлиги туризм тармагын стимулдаштыруу боюнча программа иштеп чыкмай болду.


Кеңешменин жыйынтыгында туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлө турган болду.


Туризм департаментинин маалыматына караганда, бул тармактагы жоготуулар пандемия учурунда 80% жеткен. Тармактагы ишканалардын 15% жакыны жабылган. Ал эми 17-мартта кыргыз өкмөтү «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому түзүлүп, анын уставдык капиталы 1 млрд. сом деп белгиленген. Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн