Бугу 02, 2024
Убакыт: 08:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанда ПЦР тестирлөө үчүн лаборатория ачылат

11.09.2020 14:56
967
Кыргызстанда ПЦР тестирлөө үчүн лаборатория ачылат


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 8-сентябрда ПЦР-тесттерди чыгарган түркиялык "DS Bio ve Nano Teknolojileri A.Ş." компаниясынын башкы директору Динчер Шен менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.


Маалыматка караганда, жолугушуу ушул жылдын 8-сентябрында болду. 


"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ПЦР-тесттерин ыңгайлуу баада Кыргызстанга жеткирүү боюнча макулдашууга жетишишти. Ошол эле учурда, түрк компаниясы кыргыз адистерин окутуу үчүн өз адистерин бир жумага жиберүүгө жана кийинчерээк ПЦР анализин жүргүзүү үчүн QPCR жабдууларын өткөрүп берүүгө даяр экенин белгиледи", - деп билдирет элчилик.


Өмүралиевдин суранычы боюнча компаниянын башкы директору Динчер Шен Кыргызстанда ПЦР тестирлөөнү жүргүзүү үчүн толук кандуу лаборатория ачууга жана Кыргызстандын аймактарында тестирлөөнү жүргүзүү үчүн көчмө лабораторияны жабдууга даяр экендигин билдирген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн