Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын жаңы бирдиктүү сайты ишке кирди

03.08.2023 10:35
210
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын жаңы бирдиктүү сайты ишке кирди


Ири электрэнергия менен камсыз кылуучу компания – «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын биринчи деңгээлдеги www.nesk.kg жаңы расмий сайтын, ошондой эле экинчи деңгээлдеги электр тармактар ишканаларынын– компаниянын филиалдарынын расмий сайттарын иштеп чыгып, ишке киргизди. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

➢ Бишкек электр тармактар ишканасы - http://bipes.nesk.kg
➢ Баткен электр тармактар ишканасы - http://bpes.nesk.kg
➢ Жалал-Абад электр тармактар ишканасы - http://jpes.nesk.kg
➢ Ысык-Көл электр тармактар ишканасы - http://ipes.nesk.kg
➢ Нарын электр тармактар ишканасы- http://npes.nesk.kg
➢ Ош электр тармактар ишканасы - http://oshpes.nesk.kg
➢ Талас электр тармактар ишканасы - http://tpes.nesk.kg
➢ Чүй электр тармактар ишканасы - http://chupes.nesk.kg

Бул сайттардын баары кыргыз жана орус тилдеринде иштейт.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жаңы расмий сайтында «Компания жөнүндө», «Акционерлер жана инвесторлор», «Абоненттер», «Ченемдик-укуктук база», «Пресс-борбор», «Сатып алуулар», «Байланыштар» аталыштагы тиешелүү бөлүмдөр боюнча маалыматтар камтылган.

Сайттын башкы бетинде «Абоненттин балансы», «Калькулятор», «Мой свет мобилдик тиркемесинин QR-коддору», «Тарифтер», «Өчүрүүлөр жөнүндө маалымат», «Суроо-жооп» сыяктуу электрондук кызматтар орнотулган.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын бирдиктүү сайтынан бир басуу менен аймактык электр тармактар ишканаларынын сайттарына өтүү каралган, бул абоненттерге жашаган жерине жараша маалымат алууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, электр тармактар ишканаларынын сайттарынын мазмуну толук толтурулганга чейин бир ай тесттик режимде иштейт, бирок негизги функциялар, кызматтар жана бөлүмдөр иштеп баштады.

Сайтты иштеп чыгууда компаниянын адистери абоненттердин жана сайттын колдонуучуларынын бардык каалоолорун эске алууга аракет кылышкан. Келечекте веб-ресурс жакшыртылып, мобилдик версиясы жана кошумча электрондук кызматтар пайда болот.

Эскерте кетсек: Бөлүштүрүүчү компаниялар – «Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр» ААК, «Ошэлектр» ААК жана «Жалалабадэлектр» ААК «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсына бириктирилген, алардын веб-сайттары учурда жабылган же иштебейт, бирок жаңы иштелип чыккан электр тармактар ишканаларынын сайттарына өтүү функциясы орнотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн