Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан улуттук курама командасынын бокс залы жаңыланды

27.12.2021 11:36
873
Кыргызстан улуттук курама командасынын бокс залы жаңыланды


Бишкек шаарында бокс боюнча улуттук курама команда машыгып келген бокс спорт залынын ачылыш аземи өттү.  Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаменттин директору Канат Шабданбаев, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциясынын директору Нурлан Исмаилов, Кыргыз Республикасынын бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев, бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Орзубек Назаров, машыктыруучулар, спортчулар жана башка коноктор катышты. 


Ачылыш аземдин жүрүшүндө ардактуу коноктор кызыл лента кесип, ачылышы менен куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.  

«Бокс сүйүүчүлөр үчүн бүгүн, кубанычтуу күн деп айтсак болот. Анткени спортчулардын жана агайларыбыздын тилеги ишке ашты. Көп жылдан бери жасалбай келген зал КР Президенти Садыр Нургожоевичтин жана башка мецентанттардын колдоосу менен ишке ашып, бокс залы жаңыланып ачылды. Кыргызстанда бокс мектеби күчтүү мектеп, легендаларыбыз бар. Алдыда Париж Олимпиадасында спортчуларыбыз ийгилике жетет деп ишенем»,- деп билдирди Азамат Жаманкулов. 


«Быйыл спорт тармагында ийгиликтер көп болуп, жемиштүү жыл болду. Анын бири бул залдын жаңыланышы деп айтсак болот. Боксчуларыбызга ийгилик каалайм!»,- деп белгиледи Канат Шабданбаев. 

«Бул залда Кыргызстандын көрүнүктүү боксчулары машыгып келген. Азыр да курама команда ушул залда машыгып, эл аралык аренада Кыргызстандын намысын коргоодо. Бокс күйөрмандарын залдын ачылышы менен куттуктайм. Ошондой эле, федерациянын жетекчиси катары Париж Олимпиадасына лицензия алуу үчүн баардык күч-аракетибизди жумшайбыз деп сөз берем»,- деди өз сөзүндө бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев. 

«Бокс залыбыздын жаңыланышы биз үчүн эле эмес, жалпы кыргыз спорту үчүн Жаңы Жылдын астындагы чоң белек болду. Бул зал спортчуларыбыздын ийгилиги үчүн абдан маанилүү. 30 жылдан бери кимге гана кайрылбадык! Оңдоо иштеринен өткөндөй эмес, жаңы зал ачылгандай болуп калды»,- деди Орзубек Назаров. 

Белгилей кетсек, аталган залды оңдоо иштери октябрь айында башталган. Бокс күйөрмандары жана спортчулар КР Президенти Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасап, маселени чечип берүүсүн өтүнүшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн