3-июлда Өзбекстандын Фергана облусундп үч өлкөнүн, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын делегациялары чек ара маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлады.
Маалым болгондой, тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен жайлары боюнча сунуштарды талкуулашты. Жыйындын аягында тийиштүү протокол кабыл алынды.
Чек ара боюнча үч өлкөнүн делегацияларынын кезектеги жыйыны Кыргызстанда өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн