Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан Өзбекстандан алган электр энергиясын кайтарып берүүдө

18.07.2023 14:53
230
Кыргызстан Өзбекстандан алган электр энергиясын кайтарып берүүдө


Өзбекстан менен Кыргызстан электр энергиясын алмашат. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди.


Министрлик Борбордук Азия өлкөлөрүнүн энергетика системасы параллелдүү иштеп жатканын эске салды. Эки өлкөнүн энергетикалык компанияларынын ортосундагы келишимге ылайык, электр энергиясын жеткирүү товарларды өз ара алмашуу шарттарында (алынган суммада кайтарым) ишке ашырылат.


«2023-жылдын жаз мезгилинде Өзбекстандан Кыргызстанга 150 миллион киловатт-саат электр энергиясы ички керектөө аз болгон мезгилде берилген. Кыргыз Республикасы жайкы сезондо бул көлөмдөгү электр энергиясын Өзбекстанга кайтарып берет. Ошол эле учурда Кыргызстан бул мезгилде өлкөбүздүн айыл чарбасы үчүн сууну Нарын дарыясы аркылуу берет», - деп айтылат маалыматта.


Белгиленгендей, социалдык тармактарда Өзбекстан Кыргызстанга «аз акчага» чоң көлөмдөгү электр энергиясын бергени тууралуу маалымат тараган. Департамент бул дооматтарды негизсиз деп эсептейт.


18-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,6 млрд куб метрди түздү. Ошол эле учурда суунун агып кириши секундуна 698 метр кубду, агып чыгышы 449 метр кубду түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн