Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 14:59
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Кыргызстан Өзбекстандын "Термез" соода борборунан павильон сатып алат

12.11.2024 17:05
347
Кыргызстан Өзбекстандын "Термез" соода борборунан павильон сатып алат


Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен Өзбекстандын эл аралык "Термез" эл аралык соода борборунда соода павильонун сатып алуу келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү келишимге Экономика жана коммерция министрлигинин жана "Термез" ЭСБнын башкаруучу компаниясынын Termez International Trade Centre ЖЧКсынын өкүлдөрү кол коюшту.

Кыргызстан үчүн павильонду сатып алуу – бул Өзбекстан менен Афганистандын рыногунда позицияларды бекемдөө, ата мекендик продукциянын экспортун кеңейтүү жана жаңы рынок менен түз байланыштарды түзүү үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүк. Анын ичинде:

  • кыргыз продукциясынын, анын ичинде айыл чарба жана өнөр жай товарларынын экспортун көбөйтүүгө;
  • Афганистандагы жана коңшу өлкөлөрдөгү бизнес-өнөктөштөр менен түздөн-түз өз ара аракеттенүү, өз кезегинде бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандын региондогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга;
  • атамекендик ишкерлер үчүн Борбордук Азия регионунун экономикалык потенциалын пайдаланууга жаңы перспективаларды ачат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн