Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 03:11
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан жана Беларусь парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады

16.11.2023 14:33
254
Кыргызстан жана Беларусь парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады


Бүгүн, 16-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Беларусь менен достук мамилелерди чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп: “Мындан ары да калыптанган кызматташтыкты кеңейтип, айрыкча парламенттер аралык байланышты өнүктүрүшүбүз керек. Айрыкча, депутаттык достук топторунун, тармактык комитеттердин ортосундагы кызматташтыкты арттырып, эл аралык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүктү да өрчүтүшүбүз шарт”,– деди.

Муну менен катар үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Беларустагы расмий иш сапары ийгиликтүү болгонун айткан Нурланбек Шакиев: “Анда Жогорку Кеңеш менен Улуттук Жыйындын ортосунда Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Бул макулдашуу мамлекеттер аралык байланыштарды тереңдетүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, экономикалык байланыштар тууралуу сөз кылган төрага: “Беларусь Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Андыктан, калыптанган кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн ЕАЭБ алкагында алакаларды арттыруу менен бирге Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүбүз кажет”, – деди.

Өз кезегинде Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова Бишкек шаарына алгач ирет келип жатканын билдирип, президент Александр Лукашенконун жолдогон саламы айтты.

Мындан сырткары, эки өлкө ортосундагы алакалардын учурдагы абалы тууралуу сөз кылган Наталья Кочанова өз ара ишенимге негизделген кызматташтыкты өнүктүрүп, жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу керектигин белгиледи.

Ошондой эле жарандар ортосунда тыгыз байланышты камсыздоо үчүн түз аба каттамдарын ачуу зарылчылыгына токтолуп, билим берүү жаатында да кызматташуу артыкчылыкка ээ экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова Кыргызстанга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн