Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 14:34
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

"Кыргызстан” партиясы шайлоого катышпай калса, элдин бийликке ишеними жогорулайт, - эксперт

01.09.2020 17:18
1335
"Кыргызстан” партиясы шайлоого катышпай калса, элдин бийликке ишеними жогорулайт, - эксперт


Учурда “Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын шайлоого катышпай калуусу тууралуу коомдо кызуу талкуулар жүрүп жатат. Бул боюнча “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги эки саясий серепчинин пикирин укту. 


Эксперт Эмил Жороевдин пикиринде, аталган эки партия шайлоого катышпай калса, саясий чөйрө өз нугунда кете берет.


“Буга чейин 40ка жакын партия каттоодон өткөн. Менин оюмча кандай гана партия болбосун, бардык иштер мыйзам чегинде болуусу керек”, - деп белгилейт ал.


Ал эми саясий талдоочу Марс Сариев бул эки саясий партия шайлоого катышпай калса, элдин бийликке болгон ишеними жогорулайт деген пикирде. 


”Кыргызстан” саясий  партиясы шайлоого катышпай тургандай болуп турат. Учурда толук чечиле элек. Эгерде ушундай чечим кабыл алына турган болсо, анда эл, өлкөдө мыйзам иштеп жаткандыгына ишенип, тынчый түшөт. Себеби, азыр  көбүнчө жаштар мыйзамдуулукту талап кылышууда. Бирок, бул көрүнүштөр коркунуч жаратышы да мүмкүн. Анткени, бизде түндүк-түштүк маселеси бар эмеспи. Ошону айрымдар колдонуп кетиши мүмкүн”, - дейт Марс Сариев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн