Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан жана Малайзия ТИМ башчыларынын жолугушуусу өтүүдө

03.07.2023 10:07
304
Кыргызстан жана Малайзия ТИМ башчыларынын жолугушуусу өтүүдө


Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Малайзиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Замбри Абдул Кадирдин эки тараптуу жолугушуусу өттүүдө. 

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түзүү аземинен соң, тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жыйында залына бет алышты. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча күн мурун Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Бул анын өлкөгө болгон алгачкы визити.

Расмий сапардын алкагында Малайзия ТИМ башчысынын Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулар пландаштырылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн