Бугу 21, 2025
Убакыт: 15:25
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.080
1.110

Кыргызстан жана СӨФ энергетика жана инфраструктура жаатындагы кызматташтыкты кеңейтет

21.05.2025 10:32
18
Кыргызстан жана СӨФ энергетика жана инфраструктура жаатындагы кызматташтыкты кеңейтет


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Сауд өнүктүрүү фондунун (СӨФ) президенти Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушуу өткөрдү.


Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика, инфраструктура жана жеткиликтүү турак жай жаатындагы кызматташтыктын келечеги талкууланып, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары белгиленди. Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү пландар каралды.


Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун 2011-жылдан бери жалпы суммасы 333,8 млн АКШ долларын түзгөн 11 инвестициялык макулдашууга жетишкен жемиштүү кызматташуусу баса белгиленди. Бул макулдашуулар билим берүү, саламаттыкты сактоо, транспорт, айыл чарба жана суу менен камсыздоо тармактарын камтыйт.


Данияр Амангелдиев акыркы үч жыл ичинде Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүп, быйылкы жылдын алгачкы төрт айында ички дүң продукциянын өсүшү 11,7% түзгөнүн белгиледи. Мындан тышкары, 2030-жылга чейин Кыргызстан өнүктүрүүнүн жаңы Улуттук программасынын кабыл алынышы күтүлүп жатканы маалымдалды. Бул документ эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде СӨФ менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат.


Жолугушууда Камбарата ГЭС-1 долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп, аталган долбоор Борбор Азиядагы энергетикалык коопсуздукту камсыздоого жана “жашыл” энергетикага өтүүгө көмөк көрсөтө турган трансформациялык демилге катары мүнөздөлдү.


Мындан тышкары, турак жай курулушу багытындагы долбоорлор боюнча кызматташтык талкууланып, Данияр Амангелдиев бул тармактагы СӨФтүн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.


Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад Сауд өнүктүрүү фондунун Кыргызстан менен кызматташууга чоң маани берерин жана энергетика менен инфраструктура жаатында инвестициялык портфелди кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.


Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да тыгыз диалог жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн