Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 21:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу өттү

03.10.2023 10:22
225
Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу өттү


Кечээ, 2-октябрда Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болуп өттү.

Кыргызстандын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, ал эми Тажикстандын делегациясын Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Делегациялардын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелериндеги иштерди активдештирүү зарылчылыгы жөнүндө толук өз ара түшүнүшүүлөрүн билдиришип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришти.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган участокторунда долбоордук линияны сыпаттоо иштерин улантат.

Жолугушууда чек ара аймактарынын ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди чыңдоо, ошондой эле эки мамлекеттин чек арага жакын райондору менен облустарынын активдүү кызматташуусун улантуу зарылчылыгы өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн