Кулжа 25, 2025
Убакыт: 17:50
USD
87.20
87.70
EUR
101.00
102.00
RUB
1.108
1.135

Кыргызстан жана Вьетнам өкмөт башчылары кызматташтыкты талкуулады

25.06.2025 12:44
22
Кыргызстан жана Вьетнам өкмөт башчылары кызматташтыкты талкуулады


“Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынынын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамдын премьер-министри Фам Мин Тин менен жолукту.


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Вьетнам менен эки тараптуу мамилелерди жогору баалай турганын жана Вьетнам менен соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин белгиледи. 


Өз кезегинде Вьетнамдын премьер-министри Фам Мин Тин эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Вьетнам Кыргызстанды Борбор Азиядагы ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын кошумчалады. Ал мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жана артыкчылыктуу багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-вьетнам кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, соода-экономикалык байланыштарды, инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана саясий диалогду бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.


Эки өлкөнүн өкмөт башчылары экономикалык чөйрөдөгү бир катар эки тараптуу документтерге, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү жөнүндө макулдашууга жана кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашууга жакын арада кол коюу максатында тараптардын кароосун тездетүүнү макулдашты. 


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-вьетнам мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө умтулушаарын ырасташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн