Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара маселелери боюнча жумушчу топтору жолугушту

15.09.2020 16:30
966
Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара маселелери боюнча жумушчу топтору жолугушту


Кыргызстандын жана Өзбекстандын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору вице-премьер-министр Акрам Мадумаров менен Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси - премьер-министрдин орун басары Мехриддин Хайриддиновдун ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жолугушууларды өткөрүштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, ушул жылдын 24-27-августунда эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары Ташкент шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 

Кыргыз делегациясынан өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев, өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорундагы чечиле элек бир нече тилкени, ошондой 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга кирген аймактарды карап чыгышты.   

Жолугушуунун соңунда тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келишти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн