Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 21:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Кыргызстан жана Өзбекстандын вице-премьер-министрлери чек ара маселелерин талкуулашты

28.08.2020 09:30
1007
Кыргызстан жана Өзбекстандын вице-премьер-министрлери чек ара маселелерин талкуулашты


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары рангындагы Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулады.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров аталган жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Коронавирустук инфекциянын жайылышынан, ошондой эле бир катар объективдүү себептерден улам, эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын иши жайлап калды. Буга карабастан, биз, кылымдар бою коңшулук мамиледе жашап келген бир тууган эл катары, калган тилкелерди делимитациялоо процессин тез арада жыйынтктоого кам көрүүбүз керек жана 2017-жылы кол коюлган Келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо ишин баштообуз керек", - деди Акрам Мадумаров жана эки делегациянын мындан аркы биргелешкен активдүү иши зарыл экендигин баса белгиледи.

Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов чек ара маселелерин чечүүнүн манилүүлүгүн белгилеп, өкмөттүк делегациялардын жемиштүү кызматташтыгына ишеним билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн