Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 16:30
USD
84.85
85.35
EUR
92.60
93.60
RUB
0.875
0.920

Кыргызстан жарым жылга тамеки алып кирүүгө тыюу салууну пландоодо

Кыргызстан жарым жылга тамеки алып кирүүгө тыюу салууну пландоодо


Кыргызстан тамекини ташып келүүгө, транзитке же реэкспорттоого алты айга убактылуу тыюу салууну пландоодо. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору Экономика жана соода министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, долбоор Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун жасалма, сертификаты жок тамекилерди керектөөдөн коргоо, ошондой эле тамеки аткезчилигине каршы күрөштү күчөтүү жана мамлекетке бюджетке салыктык түшүүлөрдүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн аткаруу максатында иштелип чыккан.

2023-жылы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 65 миң 231 куту тамекини тартып алынган.

2023-жылы мыйзамсыз чылымдын үлүшү 17,7%ды түзгөн. Oris, Mondeo, Like жана Madrid бренддериндеги бардык контрафакттар Сербия жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу үчүнчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн продукциялар болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн