Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

“Кыргызстан жаштар ынтымагы” Ошто муктаж үй-бүлөлөргө ун таратат

28.04.2020 21:22
1799
“Кыргызстан жаштар ынтымагы” Ошто муктаж үй-бүлөлөргө ун таратат


“Кыргызстан жаштар ынтымагы” коомдук бирикмеси Ош шаарында муктаж үй-бүлөлөргө ун таратат. Бул тууралуу аталган уюмдун мүчөлөрү кабарлашты.  


Алардын билдирүүсүнө ылайык, эртең 29-апрелде муктаждарга 220 мүшөк ун таркатылат.


"Ош шаарынын мэриясы менен иштешип жатабыз. Алардан муктаж деп эсептелинген адамдардын тизмесин алдык. Андан сырткары өзүбүз да маалыматтарды чогултуп, интернетке, социалдык тармактарга жардам сурап кайрылып жаткан адамдар менен байланышып жатабыз. Эртең ал адамдарга барып, муктаждыгына жараша ун берилет", - деп билдиришти уюштуруу тобунун өкүлдөрү.  


Жаш активисттерден турган уюмдун мүчөлөрү буга чейин да бир катар ири шаарларда коронавируска каршы күрөшүүгө кол кабыш кылып, коомдук жайларды дезинфекциялоо иштерине активдүү катышып келет.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн