Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:38
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Кыргызстан жыл башынан бери 8,7 тонна алтын экспорттоду

21.10.2024 10:55
168
Кыргызстан жыл башынан бери 8,7 тонна алтын экспорттоду


Кыргызстан жыл башынан бери 8 тоннадан ашык алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сегиз айдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматында айтылат.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында өлкөбүздөн 639,6 миллион долларга 8 тонна 724,6 килограмм алтын экспорттолгон.
Ал эми өткөн жылдын биринчи жарымында 302 миллион долларлык 4,8 тонна алтын экспорттолгон.

Алтын төмөнкү өлкөлөргө экспорттолду:

  • Улуу Британия - 5 тонна 891,1 килограмм;
  • Гонконг- 1 тонна 848,5 килограмм;
  • Швейцария - 971,5 килограмм;
  • БАЭ - 13,5 килограмм.

Эске салсак, 2024-жылдын 18-октябрына карата алтындын баасы унциясына 2 миң 700 доллардан ашып, муну менен тарыхый максимумун жаңырткан. Дүйнөдө алтындын спот базарында баасы биринчи жолу унциясына 2 миң 700 доллардан ашып, бир жума ичинде 2,3 пайызга өстү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн