Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Кыргызстанда 1-июлдан тартып соода ишине патент жокко чыгарылат

29.02.2024 16:52
555
Кыргызстанда 1-июлдан тартып соода ишине патент жокко чыгарылат


Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек

Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

– жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт);

– бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.

Ошондой эле базарлар жана кичи базарлар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса анда 0,1% ды түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер (стратегиялык объекттерге кирген базарлардан сырткары) контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, стратегиялык объекттерге кирген СБКнын базарлары "Дордой" жана "Тураталы эл базары" (“Кара-Суу”) өзгөчө салык режимине өтүүгө милдеттүү.

Салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди жана базар администрацияларынын өкүлдөрүн онлайн салык кызматтары боюнча окутуп-үйрөтүүдө жана башка салык режимине өтүү процессинде көмөк көрсөтүүдө

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, базар администрациясындан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн