Кыргызстанда 1-класстын окуучулары февраль айында кошумча каникулга чыгышат. Бул тууралуу 24.kg агенттиги Билим берүү жана илим министрлигине таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, мектеп окуучуларын качан каникулга чыгарууну ар бир мектеп өз алдынча чечип, райондук билим берүү бөлүмү менен макулдашат.
Борбор калаанын билим берүү башкармалыгы азырынча Бишкек боюнча так дата жок экенин, буйрук чыга электигин белгиледи.
Эске сала кетсек, 1-класстын окуучуларына 3-чейректе балдардын жаш курагын жана ыңгайлашуусун эске алуу менен бир жумалык кошумча эс алуу салтка айланган.
Бардык мектеп окуучулары үчүн жазгы каникул 21-31-мартка белгиленген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн