Бугу 22, 2024
Убакыт: 09:28
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Кыргызстанда 1 жылда 6 миңден ашык адам тамекиге байланыштуу оорудан каза болот

10.09.2021 11:49
804
Кыргызстанда 1 жылда 6 миңден ашык адам тамекиге байланыштуу оорудан каза болот

Кыргызстанда жылына 6 миңден ашык адам тамеки чегүү менен байланышкан оорулардан улам каза болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук онкология жана гематология борборунун бөлүм башчысы Турусбек Абдылдаев билдирди.


Анын маалыматына караганда, тамеки чегүү өпкө рагына алып келет, анын 1 жылда өлүмгө жеткирүүчү түрлөрү бар. “Тамеки чеккен эркектер менен аялдардын тамеки чекпегендерге караганда рак оорусуна чалдыгуу коркунучу 22 эсе жогору экени далилденген. Акыркы жылдары өпкө рагы жарандардын өлүмүнүн себеби катары өлкөдө 4-орунда турат. Оору жыл сайын өсүүдө, бул тамеки пайдаланууга түздөн-түз байланыштуу. Жаштар тамеки тартууну абдан жакшы көрүшөт жана 15 жашка чейинки балдар кальян, электрондук чылым чегишет. Тилекке каршы, алар үчүн базарларда чоң тандоо бар”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн