Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанда 1-жолу маркет кассаларында картадан накталай акча алуу долбоору башталды

06.05.2020 16:53
1237
Кыргызстанда 1-жолу маркет кассаларында картадан накталай акча алуу долбоору башталды


Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан Талас, Баткен жана Нарын облустарындагы ишкерлерди колдоо максатында насыялоо босогосу 200 миң АКШ долларынан 100 миңге чейин төмөндөтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда президент Сооронбай Жээнбековдун каржы институттарынын жетекчилери менен жолугушуусунда айтылды.

Бул чара насыялоо көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө болуп, айрым аймактарда фонддун каражаттарына жеткиликтүүлүк өсөт.

«Айыл Банк» тарабынан 2020-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча 4 миллиард сомго жакын суммага 16 миңден ашуун насыя берилген. Алардын 81%ы аймактарга, көбүнесе айыл чарба, өндүрүш жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарына багытталган. Түзүлгөн кырдаалда жалпы көлөмү 5 миллиард сомдон ашык суммада насыя кайра түзүмдөштүрүлгөн. Ошондой эле «Айыл чарбасын каржылоо — 8» программасынын алкагында фермерлер менен дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүү улантылууда.

Ишкердик активдүүлүктүн төмөндөгөн шартында «РСК Банк» ишкердик үчүн бир катар жеңилдиктерди иштеп чыкты. 1830 насыя боюнча 3 миллиард сомго жакын суммага жеңилдиктер берилген. Насыялар кайра түзүмдөштүрүлүп, мөөнөтү 3 айдан 6 айга чейин узартылган.

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, банк Кыргызстанда биринчи жолу банкоматты колдонбостон супермаркеттин кассаларында картадан накталай акчаны алуу долбоорун баштады.

Жыл башынан тартып «РСК Банк» ААКсы жалпы көлөмү 2,7 миллиард сомдон ашык суммага үч миңге жакын насыя берген.

Алардын ичинен аймактык насыялардын үлүшү 89%ды түзгөн. Каражаттар көбүнчө айыл чарба, өндүрүш, кайра иштетүү жана соодага багытталган.

«Кепилдик фонду» ААКсы тарабынан жыл башынан тартып, 593 кепилдик берилип, алардын 97%ы аймактарга бөлүнгөн. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун сүт тармагын өнүктүрүү жана кой-чарбасын интенсивдүү өнүктүрүү боюнча эки кластердик долбоорду ишке ашыруу улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн