Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда 11 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат

09.11.2022 12:55
322
Кыргызстанда 11 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат

14-ноябрда Кыргызстанда 11 жаштагы кыздар үчүн адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу  маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Анын айтымында, эмдөө алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарына ылайык жүргүзүлөт.

"Бул календарь КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 23-декабрындагы №1131 буйругу менен бекитилген. Иммунизация маселелери боюнча Илимий-техникалык эксперттер тобу (ИТЭТ) вакцинаны киргизген алгачкы жылы негизги максаттуу топко кошумча 12-14 жаштагы кыздарды да эмдөөнү сунуштайт. Өспүрүм кыздарды план боюнча эмдөө келечекте жыл сайын жатын моюнчасынын рагы менен ооруган 600дөн ашык учурдун, 300гө жакын өлүмдүн алдын алууга мүмкүндүк берет", - деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, эмдөө мектептердеги медициналык пункттарда акысыз жүргүзүлөт. 2022-2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да АПВ вакцинасы сайылат. Вакцина 6 айлык аралык менен эки жолу берилет (биринчи дозасы ноябрда, ал эми экинчи дозасы май айында сайылат). Бул вакцина ийиндин булчуңуна 0,5 мл дозада гана сайылат.

АПВ вакцинасын өзүнүн эмдөө календарына киргизген Кыргызстан жана башка өлкөлөр аялдарды жатын моюнчасынын рагынан коргоону өтө артыкчылыктуу милдет катары эсептешет.

ДСУнун маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгат, алардын ичинен 300 аял бул оорудан көз жумат. Рактын бул түрү өлкөдөгү аялдардын рак оорусунун негизги себептеринин арасында 2-орунда турат жана 15 жаштан 44 жашка чейинки курактагы аялдарда рак оорусунун эң кеңири таралган түрү болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн