15-апрелде өлкөдө дагы 19 киши COVID-19 вирусун жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.
Маалыматка ылайык, жаңы учурлар Бишкек шаарында – 5, Ош шаарында – 12, Ош облусунда – 2 адам. Жаӊы учурлардын ичинен 14 аял, 5 эркек.
Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы адамдардын саны 449га жетти.
Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 130
Ош ш. – 71
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 82
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн