Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда 17,8 млн сомго сериал тартууга тендер жарыяланды

07.05.2024 09:56
166
Кыргызстанда 17,8 млн сомго сериал тартууга тендер жарыяланды


Кыргызстанда 17,8 миллион сомго сериал тартуу пландалууда. Ал үчүн Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин "Кыргыз сериал" мамлекеттик мекемеси тендер жарыялаган.


Маалыматка ылайык, көркөм чыгарма детектив жанрында болуп, сметалык баасы 17 миллион ​​881 миң 817 сомду түзөт.


Анда бекитилген сценарийдин негизинде "Тайган туйгун" көркөм сериалын уюштуруу жана тартуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр сатып алынары белгиленген.


Тендердик сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 10-май.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн