Бугу 09, 2024
Убакыт: 21:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстанда 18-мартка күтүлгөн аба ырайы

17.03.2020 17:30
598
Кыргызстанда 18-мартка күтүлгөн аба ырайы


Республиканын аймагында эртең, 18-мартта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.


Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жок. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.


Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


Абанын температурасы:


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18,


Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,


Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,


Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14,


Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13,


Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...+2 градус болот.


Бишкек шаарында 18-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 16…18° градус.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн