Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда 2 бейтап коронавирустан каза болду

21.06.2020 11:23
802
Кыргызстанда 2 бейтап коронавирустан каза болду


Кечээ, 20-июнда бир сутка ичинде Кыргызстанда 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.


Анын айтымында, Токмок аймактык ооруканасынан 1974-жылкы бир аял, Темир жол ооруканасынан 1969-жылы туулган бир эркек киши каза болду.


Үсөнбаевдин айтымында, 1969-жылы туулган эркек киши Бишкек шаарынын тургуну. Темир жол ооруканасына оор абалда кайрылган. Коронавирустун оор түрү тастыкталып, эки тараптуу пневмония, курч мүнөздөгү дем алуу жетишсиздиги болгон. 


Ал эми 1974-жылы туулган аял киши Чүй облусунун тургуну. Ооруканага оор акыбалда келип түшкө. Андан сырткары, кургак учук дарты менен ооруп, кант диабети менен каттоодо турган. ПЦР анализдин жыйынтыгы тастыкталып, дем алуунун жетишсиздиги диагноздору коюлган. Жасалган иш аракеттерге карабастан дарылоо жыйынтык берген жок”, - деди орун басар.

Муну менен жалпы каза болгондордун саны 37 кишини түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн