Казакстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу каражаттарды Кыргызстанга өткөрбөй жатат. 20 күндөн кийин өлкөдө бензиндин тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.
"Казакстандын темир жолу аркылуу келген күйүүчү май боюнча маселеге тынчсызданып жатабыз. 1-сентябрдан тарта "Казакстан темир жолу" белгисиз себептер менен ташуунун айлык планын макулдашууну токтотту. Бул боюнча расмий билдирүү дагы болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү Нефтетрейдерлер "Кыргыз темир жолу" менен биргеликте маселени чечүүгө аракет жасап жатат. Бирок октябрь айына карата белгиленген пландардын бардыгы "Казакстан темир жолу" тарабынан жокко чыгарылган.
Ассоциациядан белгилешкендей, учурдагы көйгөй 20 күндөн кийин Кыргызстанда күйүүчү майдын тартыштыгын жаратышы мүмкүн. Буга байланыштуу маселе өкмөттөр аралык деңгээлде чечилиши керектиги кошумчаланды.
Эске салсак, Кыргызстан күйүүчү майдын көп бөлүгүн Россиядан Казакстан аркылуу транзит менен алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн