Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 03:31
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Кыргызстанда 2029-жылга чейин жайыттарды өнүктүрүү программасы кабыл алынды

14.08.2024 17:01
251
Кыргызстанда 2029-жылга чейин жайыттарды өнүктүрүү программасы кабыл алынды


Министрлер кабинети "2024–2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасын" кабыл алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, буга чейин Кыргызстандын жайыттарын өнүктүрүү программасы кабыл алынбай келген. "Кабыл алынган программа жайттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу үчүн стратегиялык документ болуп эсептелинет жана жайыттарды өнүктүрүүгө чоң рол ойнойт№, - деп айтылат маалыматта.

Программанын алкагында төмөндөгүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:

  1. Жайыттарды туруктуу башкаруу. Жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу;
  2. Жайыттарды жакшыртуу, жайыт инфратүзүмүн калыбына келтирүү;
  3. Жайыттарды эс алдыруу, которуштуруп пайдалануу;
  4. Жайыттарга жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү, жайыт үрөнчүлүгүн өнүктүрүү;
  5. Жайыттардын климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулугунун жогорулатуу;
  6. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө адистерди даярдоо, алардын билимин жогорулатуу;
  7. Жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү;
  8. Жайыттарды пайдалануудагы басымдуулугун азайтуу максатында, малдардын асылдуулугун жогорулатуу (сандан сапатка өтүү).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн