Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстанда 20га жакын чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат

28.04.2023 12:46
288
Кыргызстанда 20га жакын чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат

Кыргызстанда бир эле учурда үч ири жана дээрлик 20га жакын чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.


Курулуп жаткан жана курулушу пландалган ГЭСтердин тизмеси:


Курулуп жаткан ири ГЭСтер:


- Камбар-Ата-1 ГЭС - 1860 МВт

- Жогорку Нарын каскад ГЭС – 237 МВт

- Куланак ГЭС – 100 МВт

Курулуп жаткан чакан ГЭСтер:

1. Бала-Саруу ЧГЭСи – Талас облусу, Манас району – 25 МВт

2. Лейлек ЧГЭСи – Баткен облусу, Лейлек району – 6 МВт

3. Көгарт ЧГЭСи – Жалалабад облусу, Сузак району – 6,7 МВт

4. Тосту ЧГЭСи – Жалалабад облусу, Аксы району –1 МВт

5. Ала-Баш ЧГЭСи – Ыссык-Кол облусу, Тон району – 4,5 МВт

6. Ысык-Ата ЧГЭСи – Чуй облусу, Ысык-Ата району – 4 МВт

7. Кайнама ЧГЭСи – Жалалабад облусу, Токтогул району – 9,6 МВт

8. Буйга -1 ЧГЭСи – Ош облусу, Кара-Кулжа району – 6 МВт

9. Кожо-Кайыр ЧГЭСи – Баткен облусу – 0,3 МВт

10. Айгыр жал ЧГЭСи – Жалал-Абад облусу, Сузак району – 2,4 МВт

11. Кыштут ЧГЭСи – Баткен облусу, Баткен району – 1 МВт

12. Исфайрам –1 ЧГЭСи – Баткен облусу – 4 МВТ

13. Белес ЧГЭСи – Баткен облусу, Лейлек району – 0,54 МВт

14. Аксы ГЭСи – Жалалабад облусу – 2,6МВт

15. Курак-Тектир – Ош облусу, Ноокат району – 1,2 МВт

16. Ленинполь – Талас облусу, Бакай-Ата району – 2,3 МВт

17. “СиЭйЭй” ЖЧК – Чуй облусу, Кемин району – 2МВт


2024-жылы ишке кире турган ГЭСтер (долбоор)

1. Ак-Терек ЧГЭСи – Ыссык-Кол облусу, Жети-Огуз району – 4 МВт

2. Саркент ЧГЭСи – Баткен облусу, Лейлек району – 2 МВт

3. Турген ЧГЭСи – Ыссык-Кол облусу, Ак-Суу району – 5 МВт

4. Шамси ЧГЭСи – Чуй облусу, Чуй району – 10 МВт

5. Боз-Учук ЧГЭСи – Ыссык-Кол облусу, Ак-Суу району – 0,7 МВт

6. Жергез ЧГЭСи – Ыссык-Кол облусу, Ак-Суу району – 6,2 МВт

7. Кара-Жыгач – Жалалабад облусу, Токтогул району – 1 МВт

8. Сары-Таш – Жалалабад облусу, Токтогул району – 1 МВт

9. Аманат – Чуй облусу, Ысык-Ата району – 0,5 МВт

10. Адын-Ункур – Ош облусу, Кара-Суу району – 0,85 МВт

11. “СиЭйЭй” ЖЧК – Чуй облусу, Кемин району – 12 МВт


Реконструкция болуп жаткан ГЭСтер:

1-Үч-коргон ГЭС – 36 МВт (эмдиги жылы ишке кирет)

2-Токтогул ГЭС- 240 МВт (60 МВт кирди, быйыл дагы 60 МВт кирет)

3-Лебединовка ГЭС – 9,2 МВт

4-Ат-Башы ГЭС – 5,5 МВт (реконструкция бүттү)


- "Бишкек Солар" ЖЧК компаниясы тарабынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында пландалган кубаттуулугу 300 МВт СЭСТИ куруу долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле "Ысык-Көл" көмөкчордонуна чейин 220 кВ электр берүү линиясын куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


- "Метрум ТЭК" ЖЧКсы Ысык-Көл облусунда, Тон районунда пландалган кубаттуулугу 10МВт болгон ШЭС куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча ишти баштады.


Пландалып жаткан долбоорлор:


1-Мындан тышкары, «Чакан ГЭС» ААК Кытай «CHMC» компаниясы менен биргеликте Орто-Токой суу сактагычында 21 МВТ кубаттуулугундагы чакан ГЭСти курууну мерчемдөөдө

2-Папан суу сактагычында 25 МВт

3-Кара-Көл ГЭС 18 МВт ( ишке кируу убактысы болжолдуу 2025-жыл)

- Чүй облусундагы "ЛВФ-Компани" ЖЧКсы Токмок шаарында пландалган кубаттуулугу 120мвт болгон СЭСТИ куруу пландалууда.

- "China Huaneng" компаниясы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда пландалган кубаттуулугу 500 МВт болгон Сэт курууну пландаштырууда.

- "Таза Энерджи" ЖЧК компаниясы тарабынан Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында пландалган кубаттуулугу 50 МВт болгон СЭСТИ куруу пландалууда.


Долбоорду ишке ашыруу үчүн 7 млн. 28 млн. доллар өлчөмүндөгү зайымдык каражаттарды 12 жылдык мөөнөткө Евразия Өнүктүрүү Банкы берүүнү пландаштырууда. Азыркы учурда жер участогун берүү маселеси иштелип жатат.


- Сhina Power International Development Limited компаниясы Ысык-Көл облусунда пландалган кубаттуулугу 1000 МВт болгон СЭСти курууну пландаштырууда.


Азыркы учурда техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу аяктады.


Кыргызстанга канча МВт электр энергиясы талап кылынат, анын канчасы импорт болот?

2022-жылга карата алсак жалпы 16,400 млрд кВт/с

Анын ичинен өзүбүз 13,6 млдр кВт-с чыгардык

2,8 млрд кВт/с импорт болду.


Кыргызстан боюнча эң биринчи жарык Пишпекке 1918-жылдары башталып,1923-жылдары келген.


Президенттин администрациясынан кошумчалашкандай, энергетика тармагындагы жабдуулардын болжолдуу 70-80 пайызы эскирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн