Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда 24.01.24 күнү 200гө жакын түгөй баш кошту

25.01.2024 16:30
165
Кыргызстанда 24.01.24 күнү 200гө жакын түгөй баш кошту


Кыргызстанда 24.01.24 сандарын камтыган "өзгөчө" датада 184 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Бишкекте 41 түгөй баш кошуп, анын ичинен 14 түгөй Бакыт өргөөсүндө баш кошушту. Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 салтанат өттү.

Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти 2023-жылы республика боюнча 44 миң 776 нике каттаган. 2022-жылга салыштырмалуу нике каттоосу 1 430га көбөйгөн.

Ал эми 2024-жылдын январында 2 миң 838 түгөй никеге турган.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги никеге туруп жаткан түгөйлөр арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никелешүүнү мамлекеттик каттоо жолу менен жүргүзүлө тургандыгын эскертет.

Никеге туруп жаткан түгөйлөрдүн каалоосу боюнча никелешүүнү ЖААК бөлүмдөрүнүн имаратынын ичинде, ошондой эле имараттан тышкары жерде салтанаттуу жагдайда жүргүзүлүшү мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн