Жеңил өнөр-жай тармагында эмгектенип, тигүү цехтерин иштеткен эжекелерим келишиптир, көйгөйүбүздү жогору жакка жеткиргенге жардамдашып койчу, журналист элең го деп. Айтып беришсе көйгөйлөрү бир топ эле масштабтуу экен, Өкмөт эртерээк көңүл буруп Россия өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөсө, пандемиядан кийин өп-чап болуп өзүнө келе албай жаткан экономикалык абалды биротоло сазга батырчудай абал түзүлүптүр, бул тармакта. Жеңил өнөр-жайчыларыбыздын абалын түшүндүрүп берүүгө аракет жасап көрөйүн...
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 250 миңдей адам жеңил өнөр-жай тармагында эмгектенип, үй-бүлөсүн багат. Эгерде бул тармакта иштеген 1 адамга үй-бүлөсүндөгү 4 адамды багуу жүктөлгөн болсо, анда Кыргызстандын калкынын 1 миллиону бул тармактын нанын жеп күн көрөт. Демек 6,5 миллион калкы бар мамлекетибиздин калкынын 15-16 пайызынын күнүмдүк тиричилиги жеңил өнөр-жайынын абалынан өтө көз каранды. Демек бул тармак Кыргыз өкмөтү өзгөчө көңүл буруп, сактап кала турган тармак. Бирок бул тармак 2021-жылдын январынан бери өзгөчө кооптуу абалга кептелип, Кыргызстандагы миңдеген тигүүчүлөр ишсиз калуу коркунучуна кептелди. Анткени Россия өкмөтү 2021-жылдын январь айынан баштап жеңил өнөр жай тармагынын айрым товарлары маркировка болуп, Россиянын “Честный знак” деп аталган товарларды көзөмөлдөө жана маркировкалоо системасынан каттоодон өтмөйүнчө, Орусиянын аймагына киргизилбейт деген токтом чыгарган. Ал эми Кыргызстандагы тигилген кийимдерди маркировкалоону жолго коюу үчүн Кыргызстандын аймагында “Новые нормы” деп аталган Россиялык фирма иштеп, товарларды маркировкалоону көзөмөлдөп, товарларды Россиянын аймагына жеткирип берүүнү мойнуна алат экен. Мурункудай ишкер өзү каалаган жеткирүү кызматын колдоно албайт, экинчиден бул кызматы үчүн олчойгон акча кармап калат экен. Тактап айтканда ар бир ишкердин, тапкан пайдасынын эмес, жөнөткөн товарынын жалпы суммасынын 27 пайызын бул фирма кармап калат. Андан сырткары жеткирүү кызматы үчүн өзүнчө акча алышат. Жеңил өнөр жайы тармагындагы ишкерлерди нааразы кылган дагы бир жагдай, ишкерлер
Россиянын аймагындагы кардарларды өз алдынча тапса дагы алар менен өз алдынча акча которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушпайт экен, баардык которуулар “Новые нормы” деген фирма аркылуу гана жүргүзүлө турган болгон. Ал эми Россиянын аймагындагы кардар Кыргызстандык ишкердин товарын алыш үчүн Россиядагы “Честный знак” системасына акча төлөп катталгандан кийин гана Кыргызстандык ишкердин товарын алууга мүмкүнчүлүк алат. Ошентип Кыргызстанда тигилген кийим Кыргызстандык ишкерди да, Россиядагы кардарды да ашыкча чыгымга учуратып, мурункудан бир топ кымбат баада Орусиянын аймагына жетет экен. Мындай чыгымдар менен барган товарлардын наркын эсептеп көргөн Россиялык соодагерлер Кыргызстандын кийимдеринен азыртан эле баш тарта баштаптыр. Алар үчүн Кыргызстанда тигилген кийимдерди эмес, Турцияныкын сатуу пайдалуу болуп калчудай экен. Анткени Россиянын аймагына кирген товарлардан маркировканы талап кылуу эрежеси бир гана Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирген өлкөлөргө гана таандык болууда. Россия өкмөтү Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирген өлкөлөргө товарлардан маркировканы талап кылуу тууралуу сунушту 2019-жылы эле киргизген экен. Эки жылда Кыргыз Өкмөтү жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлерге кеңири маалымат берип, маркировкалоого өтүүгө даярдап коюшу керек болчу, бирок Кыргызстандын Өкмөтү алдын-ала эч кандай аракет көргөн эмес дешет ишкерлер. Өз учурунда маалымат берилбегендин кесепетинен тигилген кийимдер Россияга жөнөтүлбөй тонналап складдарда жатат. Айрымдары узакка созулган карантиндик абалдан кийин иш башталды деп сүйүнүп , кредит алып тонналап материал алып жыйнап салышкан. Көптөгөн тигүү цехтери өз ишин токтотуп, миңдеген тигүүчүлөр ишсиз калууда. Ишкерлер маркировка системасына деле акырындап өтүүгө, “Новые нормы” фирмасы аркылуу товар жөнөтүп, берилчү каражатты деле ал фирма аркылуу алганга деле макулбуз , бирок ортомчулук кызматы үчүн эле жүгүртүүдөгү жалпы сумманын 27 пайызын алып калуу ишкерлердин жонунан кайыш тилгенге барабар дешет. Жок дегенде ортомчу фирманын үлүшү 10 пайыз болсо да эптеп тиричилик кылганга болоорун айтышууда. Экинчиден бул каражат Кыргызстандын бюджетине эмес, Россиянын казынасына түшчү акча экен. Мына Бажы биримдигиңердин кесепети деп жаалданган жеңил өнөр-жайчылар Кыргызстандын Өкмөт башчысы Артём Новиковдон, Экономика министри Санжар Муканбетовдон, Россиянын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени оң тарабына чечип берүүнү талап кылышууда...
PS. Ишкерлердин аркасы менен топтолгон казынадан жем жеген Өкмөт мүчөлөрүбүздүн, Россиянын Өкмөтү менен теңата сүйлөшүп, маселени кабыргасынан койгонго дарамети жетээр бекен?
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн