Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда 266 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок

19.03.2024 10:36
107
Кыргызстанда 266 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок


2024-жылдын башына карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө 266 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок деп каттоого алынган. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, 2023-жылдын башында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 445 адамды түзгөн. Быйыл бул сан 40,2 пайызга азайган.


Балдардын документтеринин жок жүрүшүнүн негизги себептери:

• ата-энесинин өздүгүн тастыктоочу документтеринин жоктугу;

• балдардын үй шартында төрөлүшү;

• ата-энелердин туруктуу каттоосунун жоктугу.


Министрлик ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырып, аймактык бөлүмдөр балага документ алууга жардам бере турганын эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн