Бирдин айы 25, 2025
Убакыт: 15:02
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.990
1.030

Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдрому менен ооруканага жаткырылган

09.02.2021 11:45
1225
Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдрому менен ооруканага жаткырылган

Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 9-февралда Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев "Азаттык" үналгысына билдирген.


Узакбаевдин айтымында, алардын ичинен 15инин диагнозу такталган.

«Тилекке каршы, жайында коронавирус менен симптомсуз, жеңил формада ооруп, суук түшкөндө постковиддик синдромго чалдыккан балдар болууда. Алардын арасында Кавасаки синдрому менен ооругандарды да бар. Бактыга жараша, баары оорудан айыгып чыгууда».


9-февралга карата өлкөдө 150дөн ашуун бала ооруканада пневмония диагнозу менен дарыланууда. Алардын жыйырмадан ашууну оор абалда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн