Өлкөдө бүгүнкү күндө 28 миңге жакын бош жумуш орду бар. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы билдирди.
Ал белгилегендей, жумуш издегендер жумушка орношуу үчүн аталган министрликтин аймактардагы башкармалыктарына кайрылышса болот.
“Жумуш издегендер жашаган жери боюнча ошол аймакта жайгашкан жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыктарына кайрылышса болот. Сөзсүз түрдө өздөрүн тастыган документ менен кайрылуулары шарт. Ал жердеги кызматкерлер, ошол аймактагы жайгашкан мекеме ишканаларагы бош орундарды аныктап беришет”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн