Бугу 12, 2024
Убакыт: 20:04
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстанда 294 партия катталган

28.10.2021 11:35
620
Кыргызстанда 294 партия катталган

Бүгүнкү күнгө карата Юстиция министрлигинде катталган жана кайра катталган саясий партиялардын саны 294тү түзөт. Бул тууралуу  юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.


Анын айтымында, 294 партиянын ичинен быйыл 21и катталса, 10у кайра катталган.


“2020-жылда 17 партия катталса, үчөө кайра катталган. 2021-жылдын жарым жылдыгында жана 2020-жылы саясий партиялардын иш аракетин токтотуу боюнча арыз түшкөн эмес”, - деп айтат ал.


Сыдыков кошумчалагандай, 2021-жылдын тогуз айында тогуз жалпыга маалымдоо каражаты катталып, экөө кайра каттодон өткөн.


“Бирөө иш аракетин токтоткон. 2020-жылы 32 жалпыга маалымдоо каражаты катталып, 21и кайра каттодон өткөн”, - деди министрдин орун басары.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн