Кыргызстанда үстүбүздөгү
жылы 5-февралдан баштап 26-мартка чейин 2940 адам коронавирус инфекциясына
карата лабораториялык изилдөөдөн өттү. Мындай маалыматты саламаттык сактоо министрлигинин
коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн,
26-мартта маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул алынган анализдерден 26-мартка карата 44 адамдан аныкталды. Алар менен түз байланышта болгон 1328 адам (туугандары, кошуналары) тастыкталды, ал эми 360 адам үй-бүлөлүк байланышта болгондор.
Кечээ катталган эки адамдын биринде 5 контакт, биринде 6 контакт болду. Ал адамдар үй карантинине жана обсервацияга алынган жарандар болуп чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн