Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда 3 айда 2 тоннадан ашык баңгизат аныкталган

25.04.2022 11:31
380
Кыргызстанда 3 айда 2 тоннадан ашык баңгизат аныкталган

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2022-жылдын 3 ай аралыгындагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктады. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.


 ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2022-жылдын 1-чейрегинин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме болут өттү. 


Кызматкерлердин кесипкөйлүгү менен өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 2 тонна 193 кг 460 гр баңгизат каражаттар, психотпроптук заттар жана прекурсорлор алынган, анын ичинде: 

- апийим 4 кг 324 гр;

- героин 5 кг 619 гр;

- каннабистин чайыры (гашиш) 30 кг 366 гр;

- марихуана 47 кг 304 гр;

- кара куурай 3 кг 749 гр;

- каннабистин саманы 458 гр;

- психотроптук заттар жана башкалар 8 кг 034 гр;

- прекурсорлор 2 тонна 094 кг 053 гр.

  Конфискацияланган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун орточо чекене баасы боюнча эсептик баасы 93 млн. 944 миң. 282 сом.


Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмыштардын бирдиктүү реестрине бардыгы болуп 385 баңгизаттарга байланыштуу кылмыш катталган.

БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов Ооганистанда өндүрүлгөн баңгизаттардын оор түрлөрүн алуу, маалыматтык-телекоммуникациялык технолгияларды пайдалануу менен, баңгизат каражаттарды сатууга жана Интернет тармактарыда баңгизаттарга үгүттөөгө карыш күрөшүүнү күчөтүү боюнча милдеттер коюлду. 

Кеңешменин жүрүшүндө ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөрүндөгү төмөн көрсөткүчтөргө ээ болгон башкармалыктарга өзгөчө көңүл бурулду. Мындан сырткары, өзүнчө башкармалыктардын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү ишмердүүлүктөрүндөгү кечмиликтер белгиленип, бир катар жетекчилер жана кызматкерлер тартиптик жазага тартылышкан.    



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн