Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 17:17
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанда 3 айда 65,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

04.04.2024 16:34
899
Кыргызстанда 3 айда 65,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду


2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстанда 65 млрд 506,1 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, белгиленген план 2,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 млрд сомго көп жыйналды.

Анын ичинде 47 млрд 979,7 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 272,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын 3 айына салыштырмалуу 8 млрд сомго көп чогултулду.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 17 млрд 526,4 млн сомду түзүп, план 2 млрд 526,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2023-жылдын январь-март айларындагы көрсөткүчүнө салыштырмалуу 3 млрд сомго көп.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн