Кыргызстанда 33 автомектеп жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.
Анын айтымында, күбөлүк жана айдоочулук күбөлүк берүүнү Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы көзөмөлдөйт.
«Эми биз автомектептерди текшере алабыз. Тактап айтканда, курсанттардын автомектепке барышы да текшерилет. Азыр курсанттардын жалпы санынын 20 проценти гана экзамендерди тапшырды. Калганын кайра даярдоого жөнөтөбүз. Биз билим берүүнүн сапатына көңүл бурабыз. Жалпысынан республика боюнча 270 автомектеп болсо, анын 22си лицензиялык талаптарга жооп берген. Азыр 33 автомектеп жабылды. Лицензиясы убактылуу токтотулгандар да бар”,-дейт Азамат Исраилов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн