Бүгүн, 13-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Талас облусунда, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын
температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 26…31;
Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 28…30 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн