2024-жылы 4 миңден ашык үй-бүлө "Социалдык контракт" программасына катышууга арыз берген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
«8 миңден ашык үй-бүлө бизнес-план жана финансылык сабаттуулук боюнча окуудан өтсө, 4 миң 257 үй-бүлө 100 миң сомдон алууга арыз жазган», - деди министрдин орун басары.
Жылдыз Полотованын айтымында, социалдык контракттын катышуучуларынын 37 пайызы ай сайын 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин киреше алса, 5 пайызга жакыны айына 40 миң сомдон ашык киреше алууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн