Кыргызстанда 28-июнга карата коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 4748 адамга жетти.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, акыркы суткада СOVID-19 инфекциясынын жаңы 235 учуру катталса, 30 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми жалпы 2242 адам айыгып чыкты.
Аймактардагы бейтаптардын саны:
- Бишкек шаарында – 1777;
- Нарын облусунда – 470;
- Ош шаарында – 627;
- Ош облусунда – 477;
- Чүй облусунда – 653;
- Жалал-Абад облусунда – 303;
- Баткен облусунда – 64;
- Ысык-Көл облусунда – 95;
- Талас облусунда – 42;
- Чет өлкөдөн келген 240 адам.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн