Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда 5 айдын ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 165 млрд сомду түздү

12.06.2023 09:29
482
Кыргызстанда 5 айдын ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 165 млрд сомду түздү


2023-жылдынянварь-майында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 165 миллиардов сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 пайызга көбөйдү. Бул текстиль өндүрүшүндөгү, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (29,2 пайызга), фармацевтикалык (25,7 пайызга) жана химиялык продукцияларды (21,8 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүдөгү, полиграфиялык ишмердиктеги (19,3 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын (15,3 пайызга), тамак-аш азыктарын (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки азыктарын өндүрүүдөгү (8,2 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуудагы (6,6 пайызга) көлөмдүн жогорулашынын эсебинен камсыздалды.

Ошондой эле курулушта оң тенденциялар байкалган. Анда көлөмдүн көбөйүшү 4,6 пайызды, айыл чарбасында 2,4 пайызды, дүң жана чекене соодада 15,4 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырганда) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 4,3 пайызды түздү. Мында баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына 6,5 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 3,2 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга 4,9 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 5,2 пайызга жогорулады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн