Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанда 500 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда 500 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү


2021-жылдын 5-августуна карата Кыргыз Республикасы боюнча 505 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды, бул вакцинацияланууга тийиш болгон жалпы жарандардын 14,8 %ын түзгөн. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.


Жалпысынан 641 миңден ашык вакцина колдонулган. Биринчи доза менен жарым миллиондон ашык адам эмделген, ал эми экинчи доза менен 135 миңден ашуун адам эмделген.


 Белгилей кетсек, COVID-19 каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында өлкөдөгү 3,4 миллион адам эмдөөдөн өткөрүлүүчү максаттуу топ катары аныкталган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн