Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда 500 млн доллар уставдык капиталы менен Түрк инвестициялык фонду түзүлөт

24.10.2023 09:21
849
Кыргызстанда 500 млн доллар уставдык капиталы менен Түрк инвестициялык фонду түзүлөт


Кыргызстанда 500 миллион доллар уставдык капиталы менен Түрк инвестициялык фонду түзүлөт. Тиешелүү макулдашуу парламенттин тармактык комитетинде каралды.


Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов фонд Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрүндө приоритеттүү бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн ресурстук база болуп саналарын айтты.


Уставдык капиталга кыргыз тараптын үлүшү 70 миллион долларды түзөт. Ал үч жылга республикалык бюджеттен төлөнөт.


"Фонддун иштеши чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу рынокту түзүүгө жана өлкөнүн эл аралык рейтингдерде позициясын жакшыртууга көмөктөшөт", — деди Абдрахманов.


Башкаруу кеңешине ар бир өлкөдөн бештен мүчө кирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн