Кыргызстанда 15-декабрга карата 509 мектеп онлайн окутуу режимине өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч республикадагы жалпы мектептердин 21 пайызын түзөт.
Мектептердин онлайн окутуу режимине өтүүсүнө курч респиратордук вирустук инфекциянын күч алышы себеп болгон.
Пикирлер (1)