Теке 07, 2024
Убакыт: 21:36
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Кыргызстанда 6 айда 138,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

04.07.2024 16:21
141
Кыргызстанда 6 айда 138,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду


2024-жылдын январь-июнь айларында Мамлекеттик салык кызматы 138 млрд 563,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Ведомстводон билдиришкендей, белгиленген план 5 млрд 25,5 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү 22 млрд 396,7 млн сомго көп жыйналган.

Тактап айтканда, 101 млрд 256 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, план 283,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын биринчи алты айына салыштырмалуу 16,8 млрд сомго көп.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча сумма 37 млрд 307 млн сомду түзүп, план 4,7 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,6 млрд сомго көп.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн