Кыргызстанда 2021-жылдын 1-январынан 1-июнуна карата бензинге болгон баа дээрлик 40 пайызга өскөн. Бул тууралуу Нефтрейдерлер Ассоциациясы билдирди.
Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын алты айында бензинге болгон баа 39,2 пайызга же 13,7 сомго өскөн. Ал эми дизелге болгон баа 26,6 пайызга же 9,2 сомго көтөрүлгөн.
Ассоциациянын маалыматы боюнча июнь айында күйүүчү майга болгон баа дагы 4 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн