Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:24
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанда 600 гектарды ээлеген 406 таштанды полигону бар

08.06.2020 12:29
1422
Кыргызстанда 600 гектарды ээлеген 406 таштанды полигону бар



Кыргызстанда таштанды төгүлүүчү 406 полигон бар, алардын жалпы аянты 600 гектар жерди ээлейт. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.



Анын айтымында, таштанды жаткан 600 гектардын 500дөн ашыгы айыл чарба багытындагы айдоо аянттары болгон.

 


Таштандылардын айрым бөлүгү шамал менен учуп жок болуп, калган бөлүгү өрттөлөт. Күйгөндөн кийинки таксиндер аба менен учуп, адамдардын ден соолугу үчүн абдан чоң зыян келтирип жатат. Эгилген үрөндөргө да сиңип, тамак-аш менен адамдын органына сиңип ар кандай ооруларды жаратат экен”, - деди депутат.



Анын айтуусунда, атайын эсептөөлөргө ылайык Кыргызстанга жылына сырт жактан 3 миң тоннадай полиэтилен киргизилет. Өлкө ичинде да ушундай эле көлөмдө өндүрүлөт. Ал эми салыктан 9 млн сомдой эле каражат түшөт.

 

Депутат белгилегендей, полиэтилен 400-500 жыл жок болуп кетпей тура берет экен. Ошондуктан зыяндуулугу жок, крахмалдан жана жогорку технология менен өндүрүлгөн баштыктарды иштеп чыгуу сунушталып жатат. Ошондой эле таштанды калдыктарын кайра иштетүү боюнча завод куруу иштерин тездетүү милдеттендилүүдө.

 

“Биз өкмөткө заводду 2020-жылдан баштап ишке киргизүүнү сунуштап, атайын токтомго киргизгенбиз. Бирок учурдагы пандемияга байланыштуу бул иш жайлап жатат. Ушул жумуштарды колго алса жакшы болот эле”, - деп кошумчалады эл өкүлү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн